8-март айымдардын эл аралык күнү
8-март айымдардын эл аралык күнү
А.Осмонов «Аялга»
Сүйгүм келет жаш жандырып, жаш болуп,
Жашымды алдап, жаш кайындай мас болуп
Жанар тоодой жалын чачкан отуңан
Чыккым келет, жанып чыккан таш болуп.
Сүйгүм келет, миң мертебе жаңылып,
Сүйгүм келет, сүйгөнүмө жалынып,
Өз күчүңдү өз күчүмө багынтып,
Сүйгүм келет кээде өзүңө багынып.
Көпкөк асман, жерге түшсө жарылып,
Кыян жүрсө жердин үстү тарылып,
Ал кыяндан өтөр элем кыйналбай
Бир көз караш кубатыңды жамынып.
Урматту айымдар,энелер,эжелер,сиңдилер ар дайым сүйүктүү болуп жүрө бериңиздер. Майрамыңыздар менен
Комментарии