№98 орто жалпы билим берүү мектеби Мектептин миссиясы : Өзүн-өзү өнүктүрүүгө жөндөмдүү, маалыматтык коомдо жашоонун ар кандай түрлөрүнө толук жана натыйжалуу катышууга даяр, атаандаштыкка ийкемдүү инсанды калыптандыруу.

Мектепке кабыл алуу жөнүндө

Урматтуу келечектеги биринчи класстардын ата-энелери (мыйзамдуу ѳкүлдѳрү)!

I.1 №98 ОЖББМини окуучуларды кабыл алуунун жобосу нормативдик актылардын негизинде иштелип чыкты:

.   Кыргыз Республикасынын Конституциясы:

.   Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндөгү мыйзамы 2003-жыл.

.  Кыргыз Республикасынын жалпы орто билимдин мамлекеттик билим берүү стандарты

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 21- июлундагы №403 токтому

1.2 Бул жобо мектепке кабыл алуу, класстан класска жана башка мектепке которуунун тартибин аныктайт.

1.3 №98 ОЖББМини алынган мектептин аймагында жашаган жана каттоосу бар  мектеп жашындагы окуучулар, бош орун болгондо башка аймактын жашоочулары кабыл алынат.

1.4 Мекеменин буйругу менен окуучулардын кыймылы теске салынып, алфавиттик китепке жана класстык журналга буйруктар жазылат.

1.5 Мектепке кабыл алуучулардын ата-энелери (аларды алмаштырган опекундар)мектептин уставы жана билим берүү укугун тастыктаган сертификат, аккредитация боюнча берилген күбөлүк, окуучулардын ата-энелеринин укуктары жана милдеттери менен таанышат жана арызга таанышкандыгы боюнча арыздын ээсинин колу коюлат.

1.6.  Окуучулары 1-класска кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу   жүргүзүлөт. Микроучасток боюнча 1-этап, 2-этап мекеменин микроучастогунан башка аймактардан кабыл алынат.

1.7.  Мектепке кабыл алуу ата-эненин өзүнүн арызы (мыйзамдуу өкүл), документтеринин түп нускасы:

а) окуучунун фамилиясы, аты, атасынын аты (окуучунун өзү), окуучунун индентификациялык номери ИНН.

б) туулгандыгы жөнүндө куболуктун көчүрмөсү

в) окуучунун туулган жери, датасы:

г) ата-энеси жөнүндө толук маалымат паспортунун копиясы (фамилиясы, аты, атасынын аты жана мыйзамдуу өкүл):

д) окуучунун жашаган жери, (ата-энесинин, мыйзамдуу өкүл) жашаган аймагынан справка:

е) ата-энеси менен байланыш телефондору, иштеген жери.

ж) медициналык карточкалары Ф №26,63

1.8. 1-класска уюшкандыкта кабыл алуу үчүн мектеп баардык докуметтер боюнча  маалыматты жана үлгүсүн мектептин сыртына же Билим берүү Министирлигинин сайтынан табууга болот.

  1. II. Окуучуларды кабыл алуу жана класстарды комплектилөө

2.1. Документти кабыл алуу менен окуучунун мектепке кабыл алынгандыгы боюнча буйруктар чыгарылып    классы аныкталат жана 1-классынын окуучусуна өздүк дело түзүлөт.

2.3.  Мектепке кабыл алуу 5-класстан тартып окуучунун билим денгээлин аныктоо максатында тестирлөө менен 3-4 класстарга маектешүү жолу менен алышат.

2.4. Мектеп микроучастогундагы  мектеп жашындагы окуучуларды кабыл алгандан кийин, мектептин микроучастогуна карабаган аймактардан окуучуларды кабыл алынат. Башка билим берүү мекемелерден келген окуучулардын билими программалык материалды өздөштүрүүсү класска туура келгенде кабыл алынат.

2.5. Окуучулардын кабыл алгандыгы боюнча буйруктар чыгарылат.

5.6. Мумкунчулугу чектелген окуучулар, медициналые көрсөтмө боюнча чектелген шарт болгондо ата энесинин макулдугу менен билим алуу учун бардык баскычка кабыл алынат.

2.7. Окуучулардын жекече маалыматтарын түзүү боюнча, ата-энелердин  макулдугун кол коюу менен тастыкталат.

2.8. Кабыл алынган документтер жана арыз каттоодон өткөрүлүп номери берилет.

 

III.   Башка билим берүү мекемесине которулуу

3.1. Башка мектепке которулууда окуучунун мектепке кабыл алынгандыгы жөнүндө справка жана ата-энесинин  арызы.

3.2. №98 ОЖББ мектебининен кеткен окуучунун ата-энелеринин колуна берилет:

-баа коюлган ведомость (печать менен)

-окуучунун өздүк дело

-медициналык справка (мед. кабинет)

Вы можете дать больше информации, так как это редактируемая страница сайта

На этой странице возможно добавить:

  • Текст
  • Фото / Видео / Документы
  • Таблицы
  • Списки
  • Ссылки
  • Разные цвета