21-март Нооруз майрамы
Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жыңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет.
Миңдеген жылдар өтсө да бул майрамдын формасы менен маңызы болгону болгондой сакталып, чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Нооруз майрамын ритуалсыз элестетүү мүмкүн эмес. Арча түтөтүп, айлананы жамандыктан тазалоо азыркы кыргыздардын турмушундагы табигый нерсе. Ал эми Нооруз күндөрү бул ритуал массалык мүнөзгө ээ болот. Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова бул күндөрү адатта майрам болгон жерде Умай Эне болуп, аластоо жөрөлгөсүн кылат:
Алас, алас, алас!
Ар балээден калас.
Жаңы жыл келди,
Нооруз келди!
Жер жаңырып, чөп чыкты,
Желин жарылып, сүт чыкты!
Жер бетине жапжашыл чөп чыкты.
Оо, жараткан!
Жакшылыгыңды аяба!
Кампабызга дан толсун,
Дасторконубузга нан толсун.
Үлүшүбүзгө мал толсун.
Аксакалдарыбыз акылман болсун,
Байбичелерибиз мээрман болсун!
Келин-кыздар ыймандуу болсун,
Жигиттерибиз эр жүрөк баатыр болсун!
Өлкөбүздө тынчтык болсун!
Айдан аман,
Жылдан эсен бололу!
Алас, алас, алас! Билим кенчи болгон алтын мектебибиз алдыга жылып жакшылыктар коштоп жүрсүн деп жаңы жылыбызды жаңы күнүбүздү тозуп алалык
Комментарии