Эне тил… Кулакка кандай жагымдуу угулат. Эзелтеден өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет…
23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23- сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жанылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон.
Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Биз дагы бул майрамдан артта калышпай жаңы ачылган мектеп болсок дагы тушообузду кесип биринчи майрамыбызды жогорку деңгээлде өткөрдүк
Комментарии